USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Бишкекте башка бирөөнүн унаасын сатып, карызын төлөгөн жаран кармалды

13:59, 16 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-апрель күнү милицияга шаардын тургуну арыз менен кайрылган.

«Шектүү арыздануучунун ишеничине кирип, баасы 31 миң долларды түзгөн Toyota Land Cruiser унаасын сатып берем деп, аны үчүнчү тарапка 24 миң долларга сатып, өзүнүн карыздарынан кутулган. Андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 41 жаштагы Д.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүү


Кармалган жарандын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккендер 0705 777505, 0704 237309 же 102 кыска номурларына кайрылса болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика