20:21
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Жогорку Кеңешке уранды иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору түштү

Жогорку Кеңешке уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору келип түштү.

Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана «Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзамды күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзам долбоору министрлер кабинети тарабынан демилгеленген.

Белгилей кетсек, февраль айынын аягында президент Садыр Жапаров Кызыл-Омпол уран кени боюнча суроолорго жооп берген. Ал уран десе эле чочулай бериштин кереги жок экенин, биринчи урандын түрлөрүнөн кабардар болуп, ал кайсы деңгээлге келгенде коркунучтуу болорун аңдап билип алуу керектигин айткан.

«Биздеги уран чийки зат. Качан гана уранды кандайдыр бир иштерге колдонуу үчүн аны байыткандан кийинки урандан катуу сактаныш керек. Мына ошол уран коркунучтуу болот. Биздеги уранды деле таптакыр коркунучсуз деп айтуудан алыс болушубуз керек. Өзүнчө бөлүп алгандан кийин аны сактоодо, ары-бери ташып жүрүүдө албетте абдан сак болушубуз керек. Адистер тараптан катуу көңүл бурулушу керек», — деген өлкө башчысы.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылы жаз айында Кыргызстанда Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак уран кенин иштетүү боюнча долбоорго каршы митингдер болгон. Көптөгөн нааразылык акцияларынын жыйынтыгында уранды иштетүүгө уруксат алган компаниянын лицензиясы кайтарылып алынган. Кийинчерээк республикада уран жана торий кендерин чалгындоого жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар