20:17
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Жамалбек Ырсалиев кайрадан Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Жамалбек Ырсалиев кайрадан Бишкектин вице-мэри болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жамалбек Ырсалиев 13-майдан тартып Бишкек шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.

Буга чейин ал «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп иштеген.

Белгилей кетсек, Жамалбек Ырсалиев 2020-2022-жылдары турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэр, биринчи вице-мэр жана Биринчи май районунун акими болуп иштеген.

Эң көп окулган жаңылыктар