15-16-май күндөрү Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Белгиленгендей, 15-16-майда Кыргызстанга Малайзиянын примьер-министри иш сапары менен келет, буга байланыштуу төмөнкү көчөлөр убактылуу жабылат:
- «Манас» эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
- Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө чейин;
- Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
- «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин.
ЖКККББ мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочуларды жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.