16:39
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кайыңдыдагы темир өндүрүү заводунун курулуш ишинин 50 пайызы аяктады

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кайыңды шаарындагы «Металл-Кен» ЖЧК негизги темирлерди өндүрүү жана даяр темирлерди кайра иштетүү заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Учурда мурдагы Кайыңды кабелдик заводунун базасында заводдун ачылышына даярдыктар жүрүүдө. Азыркы тапта долбоордук-сметалык документацияны түзүү, сатып алууларды жүргүзүү жана зарыл жабдууларды жеткирүү иштери жүрүп жатат. Алдын ала иш планга ылайык, заводдун объекттерин куруунун узактыгы 8 ай. Бүгүнкү күнү пландаштырылган иштердин 50 пайыздан ашууну аткарылды.

Заводдун пландаштырылган штаттык саны 500 адамды түзөт, алардын ичинен 200 адам — бул Кайыңды шаарынын жана жакынкы калктуу жерлердин тургундары болуп саналышат.

Инвестициялардын жалпы көлөмү 50 миллион АКШ долларын түзөт. Завод толук өндүрүштүк кубаттуулукка ээ жана темир продукцияларынын кеңири түрү чыгарылат: арматура жана сорттук металл продукциялары (швеллер, басма зым, зым, уголок, тегерек, чарчы, алты бурч).

«Металл-Кен» заводунун продукциясынын жылдык пландалган көлөмү — 200 миң тоннадан ашуун болот продукциялары болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума