18:40
USD 87.45
EUR 98.04
RUB 1.09

CAFA чемпионаты (U-18). Кыргызстандын футболчулары Түркмөнстандын курамасын утту

Футбол боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы (U-18) CAFA турниринде Түркмөнстандын командасын жеңди. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасында Кыз-келиндер футболунун ассциациясы маалымдады.

Кечээ биринчи турдун беттеши болуп өттү.

Кыргызстандык спортчулар 3:1 эсебинде жеңишке жетти.

Бүгүн биздин курама тажикстандык атаандаштары менен беттешет.

Белгилей кетсек, CAFA чемпионаты 19-28-апрель күндөрү Душанбеде (Тажикстан) өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар