16:40
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстандык спортчу самбо боюнча Гран-приде коло медаль алды

Кемерово шаарында самбо боюнча Гран-принин биринчи этабы өттү. Бул тууралуу Россиянын самбо федерациясынын сайтында маалымдалды.

98 килограммдан жогору категорияда кыргызстандык спортчу Бекболот Токтогонов коло медаль тагынды.

Россиянын самбо федерациясы
Фото Россиянын самбо федерациясы

Маалым болгондой, ар бир салмак категориясы боюнча төрт спортчу катышты: Россиянын чемпионатынын жана Кубогунун жыйынтыгы боюнча тандоодон өткөн эки спортчу, бир чет элдик жана Гран-при өтүп жаткан аймактын өкүлү.

Турнирдин байге фонду 1 миллион рубльду түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар