02:04
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары 9-майга карата 20,4 миң сомдон алышат

9-майга карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына 20,4 миң сомдон берилет. Бул жөнүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 9-майга карата республикалык бюджеттен төлөмдөргө 9 миллион 934,5 миң сом каралган.

Бир жолку жөлөкпул 637 адамга берилет:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары — 5 адам — 20 миң 600 сом;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары — 23 адам — 20 миң 400 сом;
  • концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары — 8 адам — 20 400 сом;
  • «За оборону Ленинграда» медалы жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйлангандар — 11 адам — 20 миң 400 сом;
  • Улуу Ата Мекендик согушта фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелери жана экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) — 1 адам — 15 миң 200 сом;
  • Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар — 589 адам — 15 миң 100 сом.
Эң көп окулган жаңылыктар