Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абад шаарындагы ички арыктарга сел суулары толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптады. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Шаардык жарандык коргонуу кызматтары сел сууларын сордуруп, жарандарды коопсуз жайга алып чыгуу иштерин жүргүзүүдө.