23:25
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Күрөш боюнча Азия чемпионаты. Акжол Махмудов күмүш медаль алды

Кыргызстандык балбан Акжол Махмадов Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль утту. Түз эфирди «КТРК Спорт» телеканалы алып барууда.

77 килограммга чейинки салмак ченинде ал казакстандык балбанды, андан соң ирандык спортчуну утту.

Ал эми финалда япониялык Нао Кусактан 2:4 эсебинде жеңилип калды.

Белгилей кетсек, 55 килограммга чейинки салмак ченинде Улан Муратбек уулу коло медаль тагынды.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын алган.

Эң көп окулган жаңылыктар