05:05
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бала бакчаларда берилүүчү ысык тамак үчүн ата-энелер гана төлөбөйт

Жогорку Кеңештин депутаттары «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.

Ага ылайык, бала бакчаларда берилүүчү ысык тамакты ата-эне жалгыз каржылабайт.

Эске салсак, 2023-жылдын 11-августунда «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынган. Анын 28-беренесинин 6-бөлүгүндө мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) эсебинен жүргүзүлөрү каралган. Буга байланыштуу Финансы министрлиги мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тамак-ашты каржылоону токтотушу керек болчу.

Депутаттар бала бакчаларда тамак берүү ата-энелердин гана эсебинен жүргүзүлө турган болсо, жарандардын мектепке чейинки акысыз билим алуу укугу бузуларын белгилешти. Мындай учурда баланын тамак-ашына төлөөгө мүмкүнчүлүгү болбогон калктын аялуу катмары Конституцияда кепилдеген мектепке чейинки акысыз билим алуу укугунан пайдалана албай калышы мүмкүн. Депутаттар акыркы түзөтүүлөрдү жокко чыгарууну, башкача айтканда «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 28-беренесинин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп табууну демилгелешкен. 

Мыйзам долбоору Эльвира Сурабалдиева, Винера Раимбачаева, Алишер Эрбаев, Шайлообек Атазов, Алишер Козуев, Ырысбек Атажанов, Карим Ханджеза, Бакыт Тентишев, Кубанычбек Самаков, Миргүл Темирбаева, Надира Нарматова, Абдыбахаб Боронбаев, Дастан Бекешев, Жаныбек Кыдыкбаев, Талант Мамытов, Султанбай Айжигитов, Мирлан Самыйкожо жана Нурланбек Азыгалиев тарабынан иштелип чыкты.

Буга чейин республиканын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында биргелешип төлөө принциби иштечү. Балдардын тамагы үчүн каражаттын 50 пайызын жергиликтүү бийлик органдары, калганын ата-энелер төлөшчү.

Эң көп окулган жаңылыктар