03:38
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бир жуманын ичинде ЖКККББ 23 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысын аныктады

1-апрелден 7-апрелге чейин 22 миң 895 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4 миң 512 айдоочу белгиленген ылдамдыктан ашкан жана транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу фактысы боюнча 3 миң 653 учур катталган.

Мас абалында унаа башкарган 63 айдоочу кармалган. 226 жарандын автоунаа башкаруу боюнча тийиштүү документтери болгон эмес.

Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 946, ал эми айып короого токтотулган унаалардын саны 867ни түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар