04:21
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Сокулуктагы шектүү асынып алган камерада видеобайкоо болгон эмес

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын убактылуу кармоочу жайда кармалып турган жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылуу үчүн тез арада чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу омбудсмендин басма сөз кызматы билдирди.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Сокулук райондук убактылуу кармоочу жайында мониторинг жүргүздү. 2-апрелде ал жерде Б.У. аттуу кармалган жаран асынган абалда табылган.

Б.У. кармалып турган камерада белгиленген эреже боюнча коюлуучу видеобайкоо болгон эмес, ал эми башка камераларында бар болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, УКЖда кармалып тургандар, анын ичинде Б.У. дагы 1-апрелде Бишкек шаардык № 1 тергөө изоляторуна которулмак. Бирок анын өздүгүн тактаган документтери жок болгондуктан ал жакка кабыл алынган эмес.

Кийинки күнү башка кармалгандар сотко кеткенде, Б.У камерада калган. Бир аз убакыттан кийин аны асынып турган абалда табышкан.

«Убактылуу кармоочу жайда адам укуктарынын сакталышына тийиштүү көзөмөлдү жана контролду камсыздоо мамлекеттик бийлик органдарынын негизги функцияларынын бири болуп саналат», — деп баса белгиледи акыйкатчы.

Эске салсак, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы У.Б. асынып алган. Териштирүү ИИМдин жана Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды.

Кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уран Шамбетов жана анын орун басары Максат Иманалиев, нөөмөт бөлүмүнүн улук нөөмөтчүсү Тилек Дүйшөнбек уулу ээлеген кызматтарынан төмөндөтүү менен бошотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар