18:22
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ысык-Ата районунда 12 жаштагы окуучу асынып алды

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда 12 жаштагы окуучу асынып алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Окуя 1-ноябрда болгон. РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө окуучунун асынып каза болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн.

«Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, Дмитриевка айылында К.Н. аттуу окуучунун асынып алганын аныкташкан. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.


Эң көп окулган жаңылыктар