Баткен облусунда 19 жаштагы тургун муунуп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Совхоз айылындагы Ирадан көчөсүндө даракка асынып алган 1999-жылкы Б.К., аттуу жаранды табышкан.
Окуя болгон жерге келген куткаруучулар маркумдун жансыз денесин дарактан алышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.