00:43
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

499 миң салык төлөөчү салык декларациясын тапшырды

2-апрелге карата 499 миң 918 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул жөнүндө Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Тапшыргандардын ичинен 57 миң 270и юридикалык жактар, 112 миң 63ү жеке ишкерлер, 264 миң 808и жеке жактар, ошондой эле 65 миң 777си мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.

Эскерте кетсек, 1-майга чейин салык декларациясын тапшырууга милдеттүү:

  • жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
  • менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
  • юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
  • мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
  • мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
  • эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
  • жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же сайттан алууга болот.

Эң көп окулган жаңылыктар