13:06
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Кадамжайда муниципалдык ишкананын акчасын ээлеп алган аткаминер кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы муниципалдык ишканалардын биринин директору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлгинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал пайда табуу максатында ишкананын эсебине субсидия катары түшкөн бир миллион сомду чечип алган. Акчанын бир бөлүгүнө «Мерседес-Бенц Спринтер» машинесин сатып алып, өз атына каттатып, калган акча каражатын өзүнө ыйгарып алган.

Кылмыш иши козголуп, 1982-жылы туулган А.А. аттуу жаран шектүү катары кармалды. Сот тарабынан бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу тандалды.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар