Бишкек шаарынын мэриясы эски Ак-Кула ипподромунун жалпы аянты 45,73 гектар болгон жер тилкесин аукционго коет. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алды.
«Көз карандысыз эксперт тарабынан 8 миллиард 731 миллион 917 миң сомго баалоо жүргүзүлгөн, ал объектинин баштапкы баасы», — деп айтылат маалыматта.
Электрондук аукционго катышуу үчүн баштапкы сумманын 10 пайыз өлчөмүндө кепилдик төлөмдү төлөө керек. Аукциондун кадамынын өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 20 пайызын түзөт.
«Аукциондун жол-жобосу катышуучулар тарабынан баштапкы сатуу баасын аукциондун кадамына ылайык суммага ырааттуу жогорулатуу жолу менен жүргүзүлөт», — деп белгиледи мэрия.