22:33
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылды

Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Өкүлчүлүктү расмий түрдө палатанын президенти Темир Сариев ачты. Мекеме жаңы кеңсе ишкерлер үчүн маанилүү жолугушуу пунктуна айланып, алар жаңы өнөктөштөрдү таап, маанилүү маселелерди чече алышарын белгиледи. Өкүлчүлүктүн ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүнө салым кошот.

Соода-өнөр жай палатасынын Гуанчжоу шаарындагы өкүлү Мээрим Кожокматова болду.

«Соода-өнөр жай палатасы Кытайда өзүнүн катышуусун жигердүү кеңейтүүдө жана Кытайдын ар кайсы шаарларында дайындалган тогуз палата өкүлдөрү бизнеске эффективдүү жардам көрсөтөт», - деп жазылган маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума