13:52
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Казармандагы калкты каттоо департаментинин имараты капиталдык оңдоодон өттү

Тогуз-Торо районуна караштуу Казарманда калкты каттоо департаментинин жаңыланган имараты ачылды. Бул жөнүндө Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, заманбап капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, бардык талаптарга жооп берген ыңгайлуу шарттар (никени каттоо бөлмөсү, эне жана бала бөлмөсү жана башка) түзүлдү. Имараттын жалпы аянты 185 чарчы метр.

Мындан тышкары, эмерек, компьютердик жабдуулар жана башка материалдык-техникалык жабдыктар сатылып алынган.

 Тогуз-Торо районунда 30 миңге жакын адам жашайт, аймактар аралык бөлүмдүн 5 кызматкери күнүнө 120га жакын жаранды тейлейт.

Аймактык аралык бөлүм паспорттоштуруу, жарандык абалдын актылары жана калкты каттоо чөйрөсүндө бардык мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт. Бөлүм Казарман шаары, Жээналиев көчөсү, 31 дареги боюнча жайгашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар