15:59
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Эки айда Салык кызматы 2 миллиард 172,8 миллион сом салык чогултту

Мамлекеттик салык кызматы январь-февраль айларында бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 2 миллиард 172,8 миллион сом салык чогултту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 267,8 миллион сомго көп.

Ошондой эле салык салуунун бул системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны да өсүүдө.

1-мартка карата бирдиктүү салыкты төлөөчүлөрдүн саны 174 миң 447ни түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 80 миң 841 субъектиге көп.

Эскерте кетсек, товарларды, жумуштарды сатуу жана кызмат көрсөтүү менен алектенген жеке ишкерлер 2022-жылдан баштап 0 пайыздык ставка боюнча салык төлөй башташкан. Ошондой эле алар 2022-жылдан тартып бирдиктүү салык боюнча отчет тапшыруудан бошотулушкан.

«Эгерде жеке ишкер көрсөтүлгөн убакта кайрадан катталса же башка салыктык режимден салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтсө, бул ставканы колдоно алат. Мындай учурда ал сөзсүз ККМди колдонууга милдеттүү, ал эми түшкөн акчанын көлөмү акыркы 12 айда 15 миллион сомдон ашпоого тийиш», — деди Салык кызматы.

Бирдиктүү салыктын негизинде иш жүргүзгөн тигүү өндүрүшүнүн субъектилери үчүн 2027-жылдын 1-январына чейин беш жыл ичинде түшкөн акчадан 0,25 пайыз өлчөмүндө төмөндөтүлгөн ставка каралган. Мындан сырткары, тигүү өндүрүшүнүн субъектилеринде бул тармакта иш жүргүзүү үчүн түшкөн акчанын көлөмү боюнча чектөө жок.

Белгилей кетсек, бирдиктүү салык системасы салыктын үч түрүн (киреше салыгын, сатуу салыгын жана салык салынуучу берүүлөргө КНСти) алмаштырат жана эски патенттик салык салуу системасы үчүн мыкты альтернатива болуп саналат. Бул чакан жана орто бизнеске тиешелүү салыктар төлөнгөн кирешелерди мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берет.

Мекеме 1-июлдан баштап патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү жокко чыгарыларын эскертти. Соода ишинин субъектилери альтернатива катары жөнөкөйлөтүлгөн бирдиктүү салык системасын тандай алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар