18:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте белгисиз адамдар жаңы курулган аялдаманы талкалап кетишти

Бишкек шаарында жаңы форматтагы аялдаманын эшиги күч менен ачылып, айнеги сындырылган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аялдама Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде жайгашкан. Мекеме бул окуя укук коргоо органдарына билдирилгенин маалымдады. Учурда жагдайлар такталууда.



Эскерте кетсек, буга чейин Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аялдаманын эшигин сындырышып, ичиндеги сыналгыны уурдап кетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар