Жалал-Абад шаарында күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-март күнү милицияга аял күйөөсүн учтуу нерсе менен сайып, ал алган жараатынан улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерден материалдык далил катары бычакты алып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.
Териштирүү учурунда жубайлар 2012-жылдан бери чогуу жашаганы, окуя болгон күнү спирт ичимдигин ичишкени аныкталган. Күйөөсү 52 жашта болгон.
Кылмыш ишине шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 1972-жылы төрөлгөн тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.