12:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте чөнтөк уурулугуна шектелген жаран кармалды

Милиция кызматкерлери чөнтөк уурулугуна шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Б.Ч. атуу жаран кайрылып, Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук транспортто бара жатканда белгисиз адамдар чөнтөгүнөн 62 миң сомдук iPhone XR үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткенин билдирген.

Бишкек ШИИББ
Фото Бишкек ШИИББ. Шектүү

Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголуп, мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон 23 жаштагы О.Б. аттуу жаран кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар