Эртең, 28-мартта Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Суу «Северный» суу топтомосундагы жана шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Белгиленгендей, саат 9:00дөн 22:00гө чейин «Красный строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын-Бешик» жана «Салам-Алик» конуштарына таза суу берүү токтотулат. Ошондой эле өчүрүү аймагына Куренкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү кирет.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранат.