17:33
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Москвадагы кол салуу. Кармалган Алишер Касимов Кыргызстандын жараны эмес

«Крокус Сити Холлдогу» кол салуу боюнча шектүү катары кармалган Алишер Касимов Кыргызстандын жараны эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда туулган Алишер Касимов Кыргыз Республикасынын президентинин 2014-жылдагы жарлыгына ылайык өлкөнүн жарандыгынан чыккан.

«Ушуга байланыштуу аталган жарандын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери Кыргызстандын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн жана консулдук мекемелердин компетенциясына кирбейт», — деп билдирди ТИМ.

Буга чейин Алишер Касимов Красногорск шаарында жашаган ишкер экени маалымдалган. Тергөө аныктагандай, ал «Крокус Сити Холлдо» теракт жасоого шектелип жаткан адамдарга ижарага батир берген. Алишер Касимов сотто алардын пландары тууралуу эч нерсе билбегенин, болгону «Авито» кызматы аркылуу аларга батир ижарага бергенин айткан. Басман соту тергөө учурунда аны камакка алуу чечимин чыгарды.

Эске салсак, 22-мартта Москванын четиндеги «Крокус Сити Холлдо» теракт болгон. Музыкалык топтун концертине миңдеген адамдар барышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, камуфляж кийген белгисиз төрт адам имаратка кирип, адамдарга туш келди ок чыгарышкан. Бул кол салуу боюнча сегиз шектүү камакка алынды.

Орусиянын Тергөө комитетинин алдын ала маалыматы боюнча, 139 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар