19:03
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Москвадагы терактка байланыштуу дагы үч шектүү камалды

25-мартта Москванын Басман райондук соту «Крокус Сити Холлдогу» террордук чабуулга байланыштуу дагы үч кишини камакка алды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, соттун чечими менен Тажикстандын 62 жаштагы жараны Исроил Исломов жана анын уулдары — 33 жаштагы Аминчон менен 24 жаштагы Диловар эки айдан камакка алынышты.

Буга чейин журналисттер кол салгандар айдап жүргөн «Рено» автоунаасынын ээси катары Диловар Исломов деген киши катталганын билдиришкен. Кийин ал машинесин бир жума мурда жубайынын бир тууганына сатканы, автоунааны теракт болгон жерден көрүп нес болгону жана полицияга өзү барганы кабарланган.

Дүйшөмбү күндөгү сот отурумунда Исломов Тверь шаарында таксист болуп иштей турганы, аялы жана баласы бар экени белгилүү болду.

Сотто анын агасы Аминчон жети баланын атасы экенин, мурда автобус айдап иштеп, кийин ден соолугуна байланыштуу бул жумуштан кеткенин айтып берди.

22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити Холл» борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болуп, кеминде 139 кишинин өмүрү кыйылган.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы бул окуяга байланыштуу 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын төртөө буга чейин камакка алынып, баары тең тажикстандыктар экени аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар