11:25
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Крокус Сити Холлдогу» кол салуу. ТИМ башчысы Сергей Лавров менен сүйлөштү

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россиянын тышкы иштер министрлигинин башчысы Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, «Крокус Сити Холлдогу» кол салууга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Жээнбек Кулубаев бул окуяны кескин айыптап, эл аралык терроризмге каршы күрөштө кыргыз тарап колдоорун билдирди жана бул багытта бирдиктүү күч-аракеттерди жумшоого чакырды», — деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз тарап бул трагедиянын кесепеттерин азайтуу үчүн зарыл болгон ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенине ишендирип, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты. Трагедияда жабыркагандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетишине тилектеш экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Россиянын тышкы иштер министри кыргыз тарапка трагедиядан кийин дароо эле эң жогорку деңгээлде колдоо көрсөткөндүгү жана ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар байланыштарды үзгүлтүксүз улантууга жана тиешелүү маалымат алмашууга макулдашты.

Эң көп окулган жаңылыктар