Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын штаб башчысы К.А.К. № 1 тергөө абагына киргизилди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 22-мартындагы токтому менен ИИМдин тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. К. А. К. 12-апарелге чейин камакка алынды.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча айыпталууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын штаб башчысы «кытай жаранын 180 миң долларга алдаган» деген шек менен кармалган.