Бүгүн, 25-мартта Бишкекте жылуулук берүү токтотулат. Маалыматты 24.kg агенттигине мэриядан тастыкташты.
Белгилүү болгондой, тиешелүү буйрукка мэр кол койду.
Эске салсак, жылуулук 2023-жылдын 31-октябрынан баштап бериле баштаган.
Буга чейин Ош шаарынын муниципалитети кышкы жылытуу мезгили аяктаганын билдирген.