14:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте Нооруз майрамында борбордук көчөлөр жабылат

Бишкекте Нооруз майрамында борбордук көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

20-21-март күндөрү төмөнкү көчөлөр жабык болот:

  • Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;
  • Раззаков көчөсүнүн Абдумомунов көчөсү жана Чүй проспектиси менен кесилишкен бөлүгү;
  • Орозбеков көчөсүнүн Абдумомунов жана Чүй проспектиси менен кесилишкен бөлүгү.

«Бишкек Патрулдук милиция башкармалыгы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жол кыймылынын катышуучулары бул аргасыз чаранын киргизилишине түшүнүү менен мамиле кылат деп үмүттөнөт», — деди мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар