18:51
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

«Каракол» тоо лыжасына бара турчу унаа жолго асфальт төшөө пландалууда

«Каракол» тоо лыжасына бара турчу унаа жолго асфальт төшөө пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Жол оңдолуп, асфальт төшөлөт. Ошондой эле тротуар жана веложол куруу иштери ишке ашканы турат. Азыркы учурда жолду изилдөө иштери башталды», — деп билдирди мекеме.

Буга чейин шагыл жол жергиликтүү бийликтин карамагында туруп, 2023-жылы министрликтин балансына өткөрүлүп берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар