14:11
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Бишкекте жол эрежесин бузууларды каттоочу автоматтык система ишке киргизилди

Бишкек шаарында пилоттук режимде жол эрежесин бузууларды каттоочу автоматтык система ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, автотранспорттун агымын тартипке келтирүү, жол кыймылынын эрежелерин бузууну токтотуу, жол тыгындарын алдын алуу максатында мэрия («Санариптик технологиялар борбору» МИ) менен биргеликте Ички иштер министрлиги «Ураган» аппараттык-программалык комплексин колдонуу менен системаны иштеп чыкты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери «Ураган» комплекси менен жол эрежесин бузгандарды автоматтык түрдө каттайт.

«Бул чаралар унаалардын жол кыймылына тоскоол болгон уруксат берилбеген жерлерге токтоп калышына жол бербейт», — деп билдирди мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар