16:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Салык төлөөчүлөр рейддердин жыйынтыгы боюнча электрондук актыларды ала башташты

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзүлгөн контролдук-рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча таризделген электрондук актыларды салык төлөөчүлөргө жөнөтө баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы сервис салык органынын инспекторуна «электрондук рейддик салык контролу» (Э-Рейд) системасынын жардамы менен автоматтык түрдө рейддик салык контролунун, контролдук сатып алуунун же салык постунун жыйынтыгы боюнча акт түзүүгө жана аны Cabinet.salyk.kg. сайтындагы «жеке салык кабинети» аркылуу бардык тиркемелер менен салык төлөөчүгө жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.

«Текшерүүчү инспекторлор тарабынан мурда толтурулган актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү же жок кылуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу жаңылануунун негизги артыкчылыктарынын бири болуп эсептелет. Бул кызматтын ишке ашырылышы документтерди иштеп чыгууга кеткен убакытты жана чыгымдарды олуттуу кыскартууга, салык инспекторлорунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана контролдук-рейддик иш-чараларындагы процесстердин ачыктыгын камсыздоого, ошондой эле салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга өбөлгө түзөт», - деп билдирди Салык кызматы.

 Салык төлөөчүлөр таризделген акты менен Cabinet.salyk.kg сайтындагы өзүнүн «жеке кабинетиндеги» «МСК менен кат алышуу» модулунундагы «салык контролу» бөлүмүнө кирүү аркылуу тааныша алышат.

Салык кызматы 2022-жылы «электрондук рейддик салык контролу» системасын ишке киргизген. Бул борборлоштурулган жабык автоматташтырылган система, анда контролдук-рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө зарыл болгон маалыматтар базасы жайгаштырылган. Системада бардык жүргүзүлгөн рейддик контроль жана тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар сакталат, алардын негизинде субъекттерди текшерүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар