23:49
USD 87.00
EUR 90.58
RUB 0.83

УКМК: жеке лабораториялардагы анализдердин баасы арзандады

УКМК ири жеке менчик медициналык мекемелердин катышуусунда жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана алардын баа саясаты талкууланып, жыйынтыгында лабораториялык изилдөөлөрдүн (анализдердин) бардык позицияларындагы бааларды 30 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча макулдашууга жетишилди. Алар:

  • «Интелмед» («Бонецкийдин лабораториясы»);
  • «Аквалаб», «Евролаб»;
  • «Гемотест»;
  • «Экспресс-Плюс»;
  • «Медикана»;
  • «Лазмед клиникасы»;
  • «Гуман»;
  • «Интер-Лаб» («Инвитро»);
  • «Интермедикал»;
  • «Фарватер».

Ал эми реагенттерди жеткирүүчүлөр «Юни-Хелп», «Лаб-Сервис», «Көкөмерен», «Юрфа», «Эль-Фарм», «Медикс-Элес», «Медцентр.кж», «Би-Хелс-Фарм», «Эрай-Фарм», «Фарватер», «Мээр-Чоп», «Мирамед жана Ко», «БиЛайв», «Медитэк», «Меди-Прогресс» жана «Дайра-Фарм» сыяктуу бир катар ЖЧКлар берилген реагенттердин баасын 15 пайызга чейин төмөндөттү.

Мындан тышкары, «Юрфа» ЖЧКсынын жетекчилиги томография кызматын 20 пайызга төмөндөттү. Бул кызматтын баасын төмөндөтүү боюнча ушундай эле иш-чаралар калган жеке медициналык мекемелер менен да жүргүзүлмөкчү.

Муну менен катар лабораториялык изилдөөлөрдүн кеңири спектрин, ошондой эле республика боюнча кабыл алуу пункттарынын эң көп санын эске алуу менен «Интелмед» — «Бонецкий лабораториясы» менен мамлекеттик медициналык мекемелерден дарыгерлердин жолдомосу боюнча келген бейтаптарга 50 пайызга чейин жеңилдетилген кызматтарды көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

УКМК лабораториялардын жана медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жөнгө салууга, ошондой эле жеке медициналык уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик медициналык мекемелердин кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган иш-чараларды улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар