20:44
USD 87.45
EUR 91.63
RUB 0.97

Бишкек шаарында баңги лабораториясы аныкталды

Бишкек шаарында марихуана өстүрүүчү баңги лабораториясы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан гаражда белгисиз жарандар интернет-дүкөн аркылуу андан ары сатуу үчүн кара куурай өстүрүүчү лаборатория уюштурушкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Аталган факт боюнча Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесине (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1999-жылы туулган З.Р. жана 1993-жылы туулган Т.У. атуу жарандар кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Гараждын жер төлөсүнөн кара куурайдын өзгөчө жыты бар өсүмдүк тектүү бадалдары бар идиштер табылды.

«Таңгактарды кошкондо жалпы салмагы 15 килограммды түзсө, колдонууга даяр баңгизаттын баасы 2 миллион сомдон ашмак. Андан ары ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңги өсүмдүктөрүн өстүрүүчү атайын жабдыктар — ультрафиолет лампа, 7 даана белгисиз заттар салынган бөтөлкөлөр табылган», — деп билдирди мекеме.

Кылмыш ишинин алкагында катышуучулардын биринин туруктуу жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, ал милицияга өз ыктыяры менен жалпы салмагы 37 граммды түзгөн кара куурайдын өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү затты берген.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иликтөө уланууда, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
14-февраль, жума