12:28
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Каржы пирамидасы. Charge fast компаниясынын дагы эки өкүлү кармалды

Каракол шаарында алдамчылыкка шектелип Charge fast компаниясынын өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө бир катар тургундар арыз менен кайрылышкан. Алар облустун борборунда февраль айында Charge fast компаниясы ачылганын жана анын өкүлдөрү депозиттер боюнча үстөк пайызды жогорулатууну убада кылышканын билдиришкен.

«Арыз ээлери убадаларга ишенип, акчаларын бул компанияга салып, андан соң компания алардын акчаларын алдоо жолу менен ээлеп алганын кошумчалашкан. Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон», — деп билдирди мекеме.

Катталган арыздар боюнча материалдык чыгым 500 миңден сомдон ашкан.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Charge fast компаниясынын өкүлдөрү — Каракол шаарынын 47 жаштагы М.Н. жана 49 жаштагы М.Г. аттуу тургундары аныкталып, кармалды. Шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери каржы пирамидасын уюштурууга шектүүлөрдү кармаганын билдирген. Милицияга жаран арыз менен кайрылып, Charge fast компаниясынын ээлерине 400 миң сом бергенин айткан. Алар сумманы эки эсе көбөйтүүгө убада берип, бирок акчаны алгандан кийин изин жашырып кетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар