21:34
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Мэр аймактык реформадан кийин Бишкектин аянты канчалык чоңоерун айтты

Бишкекке Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун сегиз айыл аймагы, эки айылы, беш конушу жана төрт контур тилкеси кошулат. Бул тууралуу шаардык кеңештин сессиясында мэр Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, административдик-аймактык реформадан кийин шаардын аянты болжол менен 38 миң 607 гектарга чоңоет. Бүгүнкү күндө шаардын аянты 12 миң 900 гектарды түзөт.

«Административдик-аймактык реформаны даярдоо жана Бишкектин аянтын кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Турак жай-коммуналдык чарба, социалдык, жол инфраструктурасы, муниципалдык мүлк, жерди пайдалануу, архитектура жана курулуш боюнча жумушчу топтор түзүлдү», — деп белгиледи мэр.

Ал ошондой эле кошулган аймактарды натыйжалуу башкаруу үчүн сегиз муниципалдык аймактык башкармалык түзүлүп, алардын жоболору жана штаттык саны бекитилгенин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар