02:18
USD 85.61
EUR 93.38
RUB 1.04

Алдамчылыкка шектелген Бекзат Өмүрбеков 1-майга чейин камакка алынды

Бекзат Өмүрбеков 1-майга чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, соттун 3-марттагы токтому менен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды. Айыпталуучу О. уулу Б. аттуу жаранга карата тергөө убагында, башкача айтканда, 1-майга чейин Бишкектин № 1 тергөө абагына камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.

Буга чейин ИИМ алдамчылыкка шектелип кармалган О.Б. менен Ш. Т. аттуу жарандар «облустун региондорунун биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп берем жана өлкө жетекчилиги менен байланышым бар» деген шылтоолорду айтып, жабырлануучунун 50 миң долларын ээлеп алышкан билдирген.

ИИМ
Фото ИИМ

Эң көп окулган жаңылыктар