Караколдо окуучу баланы күч менен унаага отургузууга аракет кылган учур видео түшүп калган. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-февралда WhatsApp социалдык түйүнүндө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаадагы белгисиз адамдар жашы жете элек баланы күч менен унаага отургузууга аракет кылган видео тараган. Буга чейин бул факты боюнча Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө эч ким арыз же билдирүү менен кайрылган эмес.
Видео ошол эле күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды катоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
Унаа жана анын ичиндеги жарандар аныкталган. Алар Каракол шаарындагы № 11 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучулары К.У., Э.Н., Ж.Б. жана А.И. болуп чыгышты жана мыйзамдуу өкүлдөрү менен Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына алып келинген.
Ошондой эле жаш өспүрүм баланын өздүгү да аныкталган. Ал Каракол шаарындагы № 2 орто мектептин 3-классынын окуучусу. Аны да мыйзамдуу өкүлдөрү менен бирге тергөө кызматына алып келишкен.
Жогорку класстын окуучуларынын айтымында, алар 27-февраль күнү окуучулардын биринин атасына таандык Mercedes-Benz унаасы менен шаарды айланып жүрүшкөн. Унааны башкарып бара жаткан Ж.Б. жол жээгинде ойноп жаткан балдарды көрүп, алардын жанына токтогон. Аны менен чогуу бара жаткан классташтары тамашалап, жол жээгинде ойноого болбой турганын эскертүү максатында балдардын бирин унаага салууга аракет көрүшкөнүн билдиришкен.
Учурда аталган факты боюнча бардык жагдайларды толук кандуу аныктоо үчүн териштирүү иштери уланууда.