13:04
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Асман шаарынын курулушу май айында башталат

Асман шаарынын курулушу май айында башталат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, долбоор токтоп калды деген туура эмес. Андан бери кагаз иштери жүрүп жатат. Инвесторлор тараптан техникалык экономикалык негиздемесин кайрадан иштеп чыгуу тууралуу сунуштар болуп, ТЭНси кайрадан жасалып жатат. Азыр бүтөйүн деп калды.

«Май айынан тарта инфраструктурасы башталат. Президент капсула салган бир дагы иш токтогон жок. Үч жылдан бери асты бүтүп, арты курулуштар башталып атат. Өзүңөр көрүп атасыңар. Мына Бишкек шаарына 40 миң киши бата турган стадион башталып атат. Буга 1 миллиард сом бөлүнүп берилди. Жакында «Барселона» стадиону менен шаарчасы башталат. Ар нерсенин өзүнүн бүтчү убагы болот да. Кичине сабыр кылып туралы.», — деди Каныбек Туманбаев.

2023-жылы 30-июнда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы жаңы экологиялык Асман шаарынын капсуласын салган. Ишке ашыруунун болжолдуу мөөнөтү жети жылдан он жылга чейин. Долбоордун алдын ала наркы 20 миллиард долларды түзөт. Алгач Асман Балыкчыдан 15 чакырым алыстыкта курулмак. Андан кийин ал бир нече шаарча болорун айтышкан. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 3 миң 143 гектар жер трансформацияланган. Бирок азырынча бөлүнгөн аймакта жумушчулар үчүн жатакана гана курулган.

Эң көп окулган жаңылыктар