17:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Салык кызматы: 1-июлдан тартып патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотулат

Мамлекеттик салык кызматы 1-июлдан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотула тургандыгын эскертти.

Мекеме ошол күнгө чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка ылайыктуу режимдерине өтүшү керектигин билдирди. Ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:

  • жалпы салык режими (салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт);
  • бирдиктүү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 15 миллион сомго чейин болсо 0 пайыз, ал эми 30 миллион сомго чейин 0,5 пайыз жана 50 миллион сомго чейин 1 пайызды түзөт.

Ошондой эле базарлар жана кичи базарлар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы эгерде кирешелер акыркы 12 айда 100 миллион сомдон ашпаса анда 0,1 пайызды түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер (стратегиялык объекттерге кирген базарлардан сырткары) контролдук-кассалык машинаны (ККМ) пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.

Стратегиялык объекттерге кирген «Дордой» жана «Тураталы эл базары» («Кара-Суу») өзгөчө салык режимине өтүүгө милдеттүү.

Салык кызматынын кызматкерлери ишкерлерди жана базар администрацияларынын өкүлдөрүн онлайн салык кызматтары боюнча окутуп-үйрөтүүдө жана башка салык режимине өтүү процессинде көмөк көрсөтүүдө.

Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, базар администрациясындан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Эң көп окулган жаңылыктар