23:48
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Асма жол: борбор калаанын мэриясы долбоорду ишке ашырууну талкуулады

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев асма жолдорду куруу боюнча эл аралык эксперт Стефано Николусси Росси жана Bartholet Maschinenbau AG компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Эдуард Кубатов менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардагы асма жол долбоорун ишке ашыруунун перспективалары, ошондой эле аларды жайгаштыруунун мүмкүн болгон варианттары жана техникалык аспектилери талкууланды.

Стефано Николусси Росси долбоорлоо жана куруу үчүн оптималдуу жерди аныктоо максатында асма жол станцияларын жайгаштыруу үчүн алдын ала участокторду карап чыкты.

«Белгилей кетсек, бул долбоорду ишке ашырууга даярдоодогу маанилүү кадам болуп саналат, ал борбордун жашоочулары жана коноктору үчүн транспорттук инфраструктураны жакшыртууга жана жол жүрүүнүн ыңгайлуулугун, ошондой эле натыйжалуулугун камсыздоого мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

мэриянын басма сөз кызматы
Фото мэриянын басма сөз кызматы

Эске салсак, борбор калаанын бийлиги асма жолдун курулушу быйыл баштала турганын билдирген. Мэрия Bartholet Swiss компаниясы менен кызматташуу боюнча келишимге кол койгон. Бишкекте асма жол системасынын долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди. Аны жергиликтүү бюджеттин, инвестициялардын жана зайымдык каражаттардын эсебинен каржыланат. Май айынын аягында жана июнь айынын башында капсула салуу пландаштырылууда, ал эми асма жол 2025-жылдын үчүнчү кварталында пайдаланууга берилиши мүмкүн. Долбоордун болжолдуу наркы 50-60 миллион долларды түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар