09:29
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Энергетиктер коммерциялык объектилерди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

«Кыргызстандын улуттук электр тармагынын» башкы директорунун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу электр энергиясын пайдалануу боюнча коммерциялык объектилерди текшерди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда Бишкек шаары боюнча бир нече кафе, ресторандарда мекеменин ичинде да, сыртында да жарык берүүчү лампалар керги жок учурунда күйүп турган. Бардык мекеме ээлери менен электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу жана максималдуу жүктөм болгон сааттарда керектөө режимин сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Биз бардык керектөөчүлөргө электр энергияны үнөмдүү пайдаланып, ошондой эле өзгөчө максималдуу жүктөм сааттарында эртең менен саат 6: 00дөн 21:00гө чейин жана кечинде саат 18:00дөн 21:00гө чейин электр энергиясын керектөө режимин сактап, бир нече энергия керектөөчү электр шаймандарын күйгүзбөөгө чакырабыз», — деди Уларбек Дүйшө уулу.

Министрлик суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө көбөйгөнүн белгиледи. Мындан улам берилген техникалык шарттарга ылайык электр энергиясын керектөөнү шайкеш келтирүү боюнча иш-чаралар жана максималдуу жүктөм сааттарында электр энергиясын керектөө режимин сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар