USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Бишкек мэриясынын түзүмүндө жаңы бөлүм түзүлдү

13:09, 27 февраля 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүндө жаңы бөлүм пайда болду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, «Бишкек жашыл чарба» жана «Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканалары бириктирилип, оптималдаштырылды.

Жаңы ишкана «Бишкек жашылдандыруу» деп аталат. Анын директору болуп буга чейин «Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасын жетектеген Болотбек Одракаев дайындалды.

Мэрия конкреттүү жыйынтыктарга жетүү үчүн мекемелик бөлүмдөрдүн жана муниципалдык ишканалардын түзүмү кайра каралып жатканын кошумчалады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика