23:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сугат суунун жетишсиздиги. Кыргызстанда үч суу сактагыч курулат

Тоң, Жети-Ѳгүз, Кочкор, Жумгал райондук суу чарба башкармалыктарына сугат системаларын тейлөө үчүн атайын техникалар тапшырылды. Аталган техникалардын жалпы суммасы 87 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, техникалар президент Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун демилгеси менен «Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында берилди.

Долбоордун алкагында орточо кубаттуулугу 3,5 миллион метр куб болгон үч суу сактагычты (Уч-Коргон БСРи Тоң районунда, Шамшы БСРи Кочкор районунда, Түгѳл-Сай БСРи Жумгал районунда) куруу мерчемделген.

Мындан сырткары Арабел-Суу дарыясынан Жуука дарыясына сууну которуп алуу жана 125 километр жаңы ирригациялык тутумдарын куруу каралган.

«Суу сактагычтардын курулушу менен фермерлерге сугат сууну жеткирип берүүгѳ кепилдик пайда болот жана мындан сырткары 6 миң гектар жаңы сугат жерлери ишке киргизилип, 14 миң 600 гектар жердин сугат суу менен камсыз болуусу жогорулайт. Натыйжада региондогу суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

Долбоор Суу ресурстары кызматы жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашууда.

Эң көп окулган жаңылыктар