15:19
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан Монголияга 18 тонна кылчык жүн экспорттоого даяр

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Монголиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Содн Ганхуяг менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана жергиликтүү продукцияны Монголияга экспорттоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулашты.

Бакыт Төрөбаев кыргыз тарап 18 тонна кылчык жүндү органикалык жер семирткич катары кайра иштетүү үчүн Монголияга экспорттоого даяр экенин билдирди.

Өзгөчө көңүл ветеринардык коопсуздук жана мал жандыктардан алынган продукциянын сапатын көзөмөлдөө маселесине бурулду. Анын алкагында Ветеринардык кызмат менен Монголия өкмөтүнүн Ветеринардык кызматынын башкы башкармалыгынын ортосундагы меморандумга кол коюу маселеси талкууланды. Аталган документ ветеринардык көзөмөл жана маалымат алмашуу чөйрөсүндө эффективдүү кызматташуунун пайдубалын түптөп, продукциянын сапатынын жана коопсуздугунун жогорку стандартын камсыз кылууга жардам берет.

Эки тарап тең өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жана бул багыттар боюнча өнөктөштүктү жигердүү өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар