07:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кийинки жылы айыл чарбасында жеңилдетилген насыялар кооперативдерге гана берилет

2025-жылдан баштап «Айыл чарбасын каржылоо» программасы жабылат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, келерки жылдан баштап жеңилдетилген насыялар айыл чарба кооперативдерине гана берилет.

«Кийинки жылдан баштап «Айыл чарбасын каржылоо» программасы боюнча насыялар берилбейт. Биз башка программанын үстүндө иштеп жатабыз. Насыялар кооперативдерге гана берилет. Бул үчүн биз министрлик тарабынан шарттарды түзүп, көмөк көрсөтөбүз», — деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Ал мындай чечим Кыргызстандагы майда товардык өндүрүшкө байланыштуу экенин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар