21:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

5 миллион сомдон ашык суммага бааланган жер мамлекетке кайтарылды

5 миллион сомдон ашык суммага бааланган жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Аламүдүн районунун прокуратурасынын буйругунун негизинде Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө жана үчүнчү жактарга аукциондун жыйынтыгын жараксыз деп табуу жана аукциондун жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө сот органдарына доо арыз менен кайрылган.

Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылына жакын жайгашкан 0,18 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө 180 миң сомго сатылып кеткен. Анын учурдагы рыноктук баасы 5 миллион 466 миң 112 сомду түзгөн.

Мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат прокуратура жана башка укук коргоо органдары менен биргеликте жер участокторун мыйзамсыз берүүгө байланышкан жана коомдук, мамлекеттик кызыкчылыктарга атайлап каршы келген аракеттерге, анын ичинде сот органдарына кайрылуу жолу менен бөгөт коюу боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар