22:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Быйыл Кыргызстанда минералдык жер семирткичтер боюнча көйгөй жаралбайт

Быйыл Кыргызстанда минералдык жер семирткичтер боюнча көйгөй жаралбайт. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Айыл чарба министрлигине караштуу өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директорунун орун басары Жалилбек Тойматов билдирди.

Анын айтымында, учурда жазгы талаа иштерине даярдык жүрүп жатат.

«18-январда минералдык жер семирткичтерди жеткирүүчүлөр менен жолугушуу болуп, алардын мүмкүнчүлүктөрү, баалары талкууланды. Компаниялар менен департаменттин ортосунда эки тараптуу меморандум түзүп жатабыз», — деди Жалилбек Тойматов.

Ал белгилегендей, 2024-жылы 153 миң тонна жер семирткич менен камсыздоо пландалууда. «Дыйкандардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү болжол менен 120-130 миң тоннаны түзөт. Демек, запас дагы калат», — деп белгиледи ал.

Айыл чарба министрлигинин болжолуна ылайык, быйыл өлкөдө жалпы айдоо аянты 1 миллион 232 миң гектарды түзөт. Минералдык жер семирткичтерге болгон жылдык муктаждык 286 миң тонна. Анын ичинде 163 миң тонна азот, 105 миң тонна фосфор жана 17 миң тонна калий жер семирткичтерине мутаждык бар.

«Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосунда жер семирткичтерди жеткирүү боюнча макулдашуу бар, жылдык квота — 100 миң тонна азот жер семирткичтери. Жер семирткичтердин дагы бир бөлүгү Россиядан алынып келинет», — деп жыйынтыктады Жалилбек Тойматов.

Эң көп окулган жаңылыктар